Ысык-Ата районунда “адам өлтүрдү” деген шек менен Бишкек шаарынын тургуну кармалды. Бул туурасында Чүй облустук ИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 1-декабрь күнү Новопокровка айылынан алыс эмес жерде Бишкек шаарынын 28 жаштагы тургунунун жансыз денеси табылган. Анын денесинде бычактын издери болгон. Бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголгон.
Иликтөө иштеринин негизинде бул кылмышка шектелип Бишкек шаарынын К.Р. аттуу 20 жаштагы тургуну кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.
Айрым маалыматтар боюнча, маркум таксист болуп иштечү.