Кыргыз футбол союзунун президенти кызматтан кетүүсүнүн себебин түшүндүрдү

Футболду жаңы деңгээлге көтөрүү үчүн жаңы лидер керек. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу жарыялаган маекте Медер Сыдыков айткан.

Медер Сыдыков кечээ, 29-январда КФСтин президентигинен кеткенин билдирген. Ал маекте бул чечимди кыргыз футболун көтөрүү үчүн жаңы лидер керектигин белгилеп, кабыл алганын билдирди.

"Бизге жаңы көз караштар, жаңы идеяларды алып келе турган адам керек. Футболду жаңы деңгээлге көтөрүү үчүн дем бере турган жаңы лидерлер жана жаңы команда келиши керек", - деди.

Ошондой эле ал бул союзда көп жыл катчы, акыркы 2 жылда президент болгонун айткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан