Ырчы Кызсайкал Кабылова өзүнүн Инстаграм баракчасына кош бойлуу экенин ачыктап, сүрөттөрү менен бөлүштү.
"Мындай кубанычтуу жаңылыкты бөлүшпөй койгон болбойт го э? Азыркы убакта быйтыктын ичимде тебингени, күндөн күнгө чоңойгонун сезип бактылуу болуп жаткан убагыбыз. Бул күндү биз да аябай күттүк. Азырынча Мирлан уулубу же Мирлан кызыбы биле элекпиз. Ал күндү да сиздер менен бирге бөлүшөм", - деп жазды ырчы.
Ырчы жолдошу менен 2022-жылы баш кошушкан.