Команданын Дүйнө чемпиондугуна тандоо турунда көрсөткөн жыйынтыгы каралат. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу жарыялаган маекте Медер Сыдыков билдирди.
Анын айтымында, бул маселе КФСтин аткаруу комитетинин кезектеги жыйынында каралган, чечим Дүйнө чемпиондугуна тандоо турунда көрсөткөн жыйынтыгына жараша кабыл алынат.
"Негизи Тарковичтин биз менен 30-июнга чейин келишими бар. Экинчиден алдыда 2026-жылкы Дүйнө чемпиондугуна тандоо турунун 4 оюну турат. Бул оюндардын жыйынтыгын карашыбыз керек, анан чечим кабыл алынат", - деди ал.
Мындан тышкары, Сыдыков команданын Азия кубогунда кийинки баскычка чыга албаганын биринчиден жаңы машыктыруучу алганы менен түшүндүргөн.
"Биринчиден, жаңы машыктыруучуну алдык. Ушундан кийин алдыга чоң максаттар коюлуп, алардын бири жаңы муундан жаңы команда түзүү болду. Негизги себептердин бири болуп муундардын алмашуусу. Экинчиден, команданын негизги оюнчуларынын турнирге чейинки жана учурундагы жаракаттары. Бул оюнчуларсыз биз кыйналдык", - деди ал.
Азия кубогунда курама команданын ийгиликсиз болушу күйөрмандарын нааразы кылган. Мындан улам Кыргыз футбол союзунун президенти Медер Сыдыков кызматынан кеткенин билдирген.