Биз социалдык тармакта

Баткенде көк бөрү боюнча облус башчысынын кубогу өтүүдө (фото)

Баткендин Раззаков шаарында президенттин Баткен облусундагы өкүлүнүн көк бөрү боюнча кубогу өтүп жатат. Бул тууралуу SUPER.KG порталына бүгүн, 30-январда президенттин аталган облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Кабарлангандай, спорттук иш-чара президенттин инсандын руханий адеп ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндөгү жарлыгынын алкагында өтүүдө.

Улуттук оюн көк бөрү боюнча облустун район шаарларынан топтолгон жалпы 5 команда күч сынашууда.

Оюндун жыйынтыгы менен жеңүүчүлөргө президенттин өкүлү Абдикарим Алимбаевдин атайын сыйлыктары, диплом, медалдар жана кубок ыйгарылат.

Белгиленгендей, спорттук иш-чара Көк-бөрү федерациясы менен биргеликте уюштурулуп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан