Бүгүн, 30-январда Катарда өтүп жаткан Азия Кубогунун 1/8 финалынын үчүнчү күндүк беттештери өтүүдө.
Анда коңшу Өзбекстандын курама командасы Таиланд менен кез келип, 2:1 эсебинде жеңишке жетти. Өзбекстандын курамасынан голдорду Тургунбоев жана Аббос Файзуллаев киргизди.
Муну менен Өзбекстан курамасы чейрек финалга чыкты. Чейрек финалда коңшулар турнирдин фаворити болгон Катар курамасы менен кез келет.