Кара-Сууда "Фейсбук"  колдонуучусу кармалды

Кара-Суу районунда "Фейсбук" социалдык тармагынын колдонуучусу кармалды. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Маалымдалгандай, Кара-Суу районунун 43 жаштагы тургунуна Кылмыш-жаза кодексинин “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу” беренеси менен кылмыш иши козголуп, камакка алынды.

Дайындалган экспертиза "баракчанын ээси Г.А. жүктөгөн билдирүүдө аймактар аралык кастыкты козуткан лингвистикалык бирдиктер камтылган" деген корутунду чыгарып берген.

Анын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси менен иш ачылган. Ыкчам иликтөөлөрдүн натыйжасында кылмышка шектүү катары Кара-Суу районунун 1981-туулган тургуну Г.А. кармалып, камакка алынган.

Учурда тергөө жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан