
Кыргызстандын оор атлетика боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Ташкент шаарында (Өзбекстан) өтө турган Азия чемпиондугуна катышат. Бул тууралуу бүгүн, 1-февралда Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мелдеш 1-февраль күнү башталып 11-февраль күнү жыйынтыкталат.
Курама команданын тизмеси:
- 102 килограмм Бекдөөлөт Расулбеков;
- 89 килограмм Эмил Молдодосов;
- 67 килограмм Ишимбек Муратбек уулу;
- 73 килограмм Элзар Таиров;
- 96 килограмм Нурсултан Тармалов;
- 76 килограмм Татьяна Мельниченко
Белгилей кетсек, курама команда улук машыктыруучу Өмүржан Молдодосов жана башкы машыктыруучу Камбар Токтоналиевдин жетекчилиги алдында мелдешке катышат.