ЭЛДИК КАБАР: Соодагер Өзгөндөгү базардын жетекчисине нааразы болду

Ош облусундагы Өзгөндүн борбордук базарындагы ар бир контейнер ээлери тазалык үчүн айына 300 сомдон төлөп жатышат. Бул тууралуу соодагерлердин бири порталыбыздын ЭЛДИК КАБАР бөлүмүнө билдирди.

"Контейнердин узуну 2 метр, туурасы 1 метр 80 сантиметр. Бирок анын көлөмүнө карабай эле декабрь айынан тарта тазалык үчүн деп 300 сомдон алып жатышат.

Мисалы, "Кара-Суу" базарындагылар 100 сомдон төлөшөт экен. Биз деле мурун 100 сомдон берчүбүз. Бул боюнча базардын жетекчилигине, мэрияга кайрылганбыз. Бирок эч кандай жыйынтык жок. Жердин ижарасы 4500 сом, 30 пайызга арзандатабыз деген. Ал да сөз боюнча калды", - деди соодагер.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан