Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун экинчи кызы Хадижат Чеченстандын администрация башчысынын биринчи орун басары болду. Мындай маалымат Чеченстандын башчысынын расмий сайтына жарыяланды.
Маалыматка ылайык, 24 жаштагы Хадижат Кадырова Социалдык абал менен өз ара аракеттенүү башкармалыгынын жетекчисинин 1-орун басары болуп дайындалды.
Бул кызматка Кадырованы дайындоону Чеченстандын башчысынын жана өкмөтүнүн аппаратынын жетекчиси Галас Таймасханов сунуштаган. Ал Хадижат Кадырова Грозный мэриясынын мектепке чейинки билим берүү бөлүмүнүн башчысы катары коомдук уюмдар менен иштешүүдө ийгиликтерге жетишкенин айтты.
Бул сунушту Рамзан Кадыров өзү жактырып, кызына ийгилик каалады.
Хадижат Кадырова Рамзан Кадыровдун экинчи кызы. Ал 2000-жылы 17-январда төрөлгөн. 2020-жылдын декабрынан бери Грозный шаарындагы мектепке чейинки билим берүү бөлүмүн жетектеп келет. 2021-жылы декабрда Кадырова “Чечен Республикасына сиңирген эмгеги үчүн” медалын алган. 2022-жылы ноябрда Ахмат Кадыров атындагы орден менен сыйланган.