Президент Садыр Жапаров Бишкек жылуулук электр борборундагы кырдаалды жеке көзөмөлүнө алды. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Аскат Алагөзов билдирди.
Ал белгилегендей, өлкө башчысына ЖЭБдеги авария боюнча дароо маалымат берилген.
"Президент кыска мөөнөттө түзүлгөн кырдаалдын кесепеттерин жоюуну тапшырды. Жеринде министрлер кабинетинин жана компетенттүү мамлекеттик органдардын өкүлдөрү жүрөт. Мамлекет башчысы кырдаалды жеке көзөмөлүндө кармап турат", - деп кошумчалады ал.
Эскерте кетсек, 2-февралда таңкы саат үчтөр чамасында Бишкек жылуулук электр борборунда авария болуп, үч киши жабыркаган. Алардын экөөсүнүн абалы өтө оор экени кабарланды.
Ал эми өрт саат 05:05 чамасында толугу менен өчүрүлдү.
Авариялык абалдын кесепеттерин тез арада жоюу боюнча иш алып баруу үчүн ыкчам штаб түзүлдү.