
Кыргызстандын бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү
Сагын Сатыбалды уулу Испаниянын Ла-Нусия шаарында өтүп жаткан “Boxam” Эл аралык мелдешинин жарым финалына чыкты. Бул туурлауу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мушкер 80 килограмм чейинки салмак ченинде катышып жатат. Ал 1/8 финалдык беттеште Польша өлкөсүнүн мушкерин жеңип, чейрек финалда бельгиялык спортчуну артта калтырды.
Ал эми жарым финалдык беттеште өзбекстандык спортчу менен беттешет.