БШК депутат Эмил Жамгырчиевди мандатынан ажыратты (видео)

Борбордук шайлоо комиссиясы (БШК) бүгүн, 2-февралдагы жыйынында Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиевди мандатынан ажыратуу чечимин чыгарды.

Жыйында Жамгырчиев мандатын тапшыруу боюнча өзү арыз жазганы маалым болду. Анын депутаттык ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу токтомду БШКнын 11 мүчөсү бир добуштан колдоду.

Ушул эле күнү Токтобүбү Оргалча “Альянс” cаясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына катталган талапкерлердин тизмесинен чыгарылды.

Эске салсак, 24-январда Бишкектин Биринчи Май райондук соту Эмил Жамгырчиевдин бөгөт чарасын карап, аны 26-февралга чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алган.

Былтыр 27-декабрда Башкы прокуратура Жамгырчиевди кылмыш жообуна тартууга уруксат сураган. Ага Кылмыш-жаза кодексинин 378-беренеси (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) менен иш козголгон.

10-январда парламент Эмил Жамгырчиевди кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берген.

БШК 02.02.24
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан