Бишкек ЖЭБдеги жарылуу: Орусия жардам берүүгө даяр экенин айтты

Орусия Бишкектеги ЖЭБдеги авариянын кесепеттерин жоюуда кыргыз бийлигине жардам берүүгө даяр. Бул тууралуу Орусиянын премьер-министри Михаил Мишустин Алматыда өтүп жаткан форумда айтты.

"Биз кырдаал жакынкы келечекте жөнгө салынат деп үмүттөнөбүз жана Орусия бардык кесиптештери сыяктуу эле, бул окуяны жоюуга жардам берүүгө дайым даяр", - деди Мишустин.

Белгилей кетсек, 2-февралда түнкү саат үчтөр чамасында Бишкек жылуулук электр борборунда авария болуп, үч киши жабыркаган. Мындан улам президент Садыр Жапаров бул кырдаалды жеке көзөмөлүнө алган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан