Бокс боюнча улуттук курама команданын мүчөсү Сагын Сатыбалды уулу эл аралык мелдеште коло медаль утту. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдирди.
Маалыматка ылайык, Boxam эл аралык мелдеши Испаниянын Ла-Нусия шаарында өтүп жатат.
Мушкер 80 килограммга чейинки салмак ченинде катышты.
Ал 1/8 финалдык беттеште Польша өлкөсүнүн мушкерин жеңип, чейрек финалда бельгиялык спортчуну артта калтырган.
Ал эми жарым финалдык беттеште өзбекстандык мушкерден жеңилүү ызасын тартып калган.