Бүгүн, 3-февралда ырчы Султан Садыралиев 38 жашка толду. Ырчы мырзаны куттуктап байланышка чыгып, чыгармачылыгы тууралуу да суроо узаттык.
"Туулган күнүмдү үй-бүлөм менен өткөрөм. Жакынкы 10 күндүн тегерегинде жаңы дастанымды тартуулайм. Аны жыйырма мүнөттүк документалдык тасма же клип десек да туура болот", - дейт ал.
Султан Садыралиев 1986-жылы 3-февралда жарык дүйнөгө келген. Ырчы Замир Арыкбаев менен биргеликте аткарган "Кудача кыз" аттуу ыры менен көпчүлүккө таанылган. 2009-жылы Маданият министрлигинен "Маданияттын мыкты кызматкери" наамына ээ болуп, төш белги тагынган. Ал эми "Супер-Инфонун" тандоосу боюнча "2006-жылдын мыкты ырчы мырзасы" деп табылып, ырчынын "Эгиз жүрөк" аттуу ырына тартылган клип "2011-жылдын супер клиби" наамына арзыган.
Ырчы Султан Садыралиев жубайы Асел айым менен 2011-жылы үй-бүлө курушкан. Учурда эки уул, бир кызды тарбиялап жатышат.
3-февралга карата жылнаама.