Орусияга дрон менен чабуул жасалып, мунай иштетүүчү ири завод өрттөндү (видео)

Орусиянын аймагына дрон менен чабуул жасалып, Волгограддагы ири мунай иштетүүчү "Лукойл" заводу өрттөндү. Бул тууралуу бүгүн, 3-февралда орус басылмалары жазып чыкты.

Маалыматка караганда, өрт бүгүн таң эрте саат 05:00 чамасында башталып, үч сааттан кийин өчүрүлгөн.

"Төрт дрон атып түшүрүлдү. 300 чарчы метрдей аянттагы мунай заттар күйгөн. Жабыркагандар жок", - деп айтылат маалыматтарда.

Өрт эмнеден улам чыкканы азырынча белгисиз. Алдын ала маалыматтарга караганда, дрон сыныгынын кулашы себеп болушу мүмкүн.

Орусияда мунай иштетүүчү ири завод өрттөндү
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан