Орусияда 11 жаштагы окуучуга интимдик сүрөттөрүн жиберген мугалим кызга иш козголду

Орусиянын Ленинград облусунда 25 жаштагы башталгыч класстын мугалимине 11 жаштагы окуучусуна сексуалдык ыдык көрсөткөн деген шек менен кылмыш иши козголду. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

Маалыматка ылайык, бул факты боюнча "сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Учурда окуянын бардык жагдайларын аныктоо боюнча тергөө амалдары жүрүп жатканы маалымдалды.

25 жаштагы мугалимдин үстүнөн арызды 11 жаштагы мектеп окуучусунун апасы жазган. Аялдын айтымында, ал баласынын уюлдук телефонунан мугалими менен жазышкандарын көргөн. Анда мугалим окуучуну жакшы көрөрүн айтып, интимдик сүрөтүн жөнөтүп келгени белгилүү болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан