"Грэмми" музыкалык сыйлыгы: Тейлор Свифт рекорд жаңыласа, Майли Сайрус биринчи статуэткасын утуп алды

Кечээ, 5-февралга караган түнү Лос-Анжелес шаарында америкалык "Грэмми" музыкалык сыйлыгын тапшыруу аземи өттү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Маалымдалгандай, быйыл аталган сыйлыктын негизги наамдарын айымдар багындырды. Алсак, жылдын эң мыкты альбому америкалык ырчы Тейлор Свифттин Midnights альбому болду. Ал ушуну менен бул сыйлыкты төртүнчү жолу алган биринчи ырчы болду.

Билли Айлиш "Жылдын ыры" номинациясын "Барби" тасмасында саундтрек катары коюлган "What Was I Made For?" ыры менен жеңип алды. Бул 1999-жылы Грэмми сыйлыгын алган Селион Диондун Титаниктеги "My Heart Will Go On" ырынан кийин биринчи жолу эң мыкты кино ыры деп табылды.

Билли Эйлиш сыйлыгын Лионел Ричинин колунан алды. Ырчы буга чейин да бул композициясынын аркасы менен "Алтын глобус" сыйлыгына татыган.

Бул категорияда жеңиш үчүн башка ырлар да ат салышкан. Алардын катарында "Flowers" Майли Сайрус, "A&W" Ланы Дель Рей, "Anti-Hero" Тейлор Свифт жана башка белгилүүлөрдүн чыгармалары болгон.

Бирок Майли Сайрустун "Flowers" феминисттик ыры "Эң мыкты үн жаздыруу" жана "Эң мыкты поп-соло аткаруу" номинациялары боюнча жеңишке жетти. Анын бул треги өткөн жылы Billboard музыкалык чартында сегиз жума бою биринчи орунда турган.

Ошол эле учурда Сайрус өзүнүн биринчи "Грэмми" сыйлыгын "Эң мыкты эстрадалык жеке аткаруу" номинациясын да алды.

Ал эми аталган сыйлык боюнча "Эң мыкты жаңы аткаруучу" номинациясын соул-ырчы жана композитор Виктория Моне болду.

Наамдарды тапшыруу учурунда элди таң калтырган учурлар да болду.

"Грэмми" сыйлыгынын үч номинациясын жеңип алган Boygenius кыздар тобунун мүчөлөрү Газа тилкесиндеги ок атышууну токтотууга чакырган төөнөгүчтөрдү кийимдеринин жакаларына кадап чыгышкан.

Ошондой эле ырчы Энни Ленокс сахнада туруп: "Артисттер ок атышууну токтотууну колдойт. Дүйнөдө тынчтык болсун" деген чакырык таштады.

Мындан тышкары америкалык рэпер Киллер Майк (чыныгы аты Майкл Сантьяго Рендер) "Грэмми" музыкалык сыйлыгын алгандан кийин дароо полиция тарабынан кармалган.

Укук коргоо органдары рэпер мушташка катышканын тастыктаган. Ал бир нече сааттан кийин бошотулушу мүмкүн.

Эске салсак, сыйлыктар 2022-жылдын 1-октябрынан былтыркы жылдын 15-сентябрына чейин чыккан ырлар жана альбомдор үчүн тапшырылды. Талапкерлер 94 номинация боюнча көрсөтүлдү. Анда "Жылдын ыры", "Жылдын альбому", "Жылдын рекорду" жана "Мыкты жаңы аткаруучу" төрт номинациясы эң маанилүү сыйлык болуп саналат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан