Улуу Британиянын падышасы рак оорусуна чалдыкты

Падыша Чарльз III рак оорусуна чалдыкты. Бул тууралуу Букингем сарайы 5-февралда билдирди.

Маалыматка ылайык, өткөн айда Чарльз III Лондондун ооруканасына бези чоңоюп жаткандыктан процедурадан өтүү үчүн барган, анда ага рак диагнозу коюлган.

"Тесттер жүргүзүлүп, рактын бир түрү аныкталган. Бүгүн улуу урматтуу дарылануунун үзгүлтүксүз графигин баштады. Анын жүрүшүндө дарыгерлер ага мамлекеттик милдеттерин кийинкиге калтырууга кеңеш беришти. Бирок ал мамлекеттик иштерге жана расмий документтерге адаттагыдай эле катыша берет", - деп жазылат андагы маалыматта.

Ошондой эле Улуу Британиянын падышасы ушак-айың кептердин алдын алуу жана бул дүйнө жүзү боюнча бул дарттан жапа чеккендерге кандайдыр бир колдоо болот деген үмүттө өз диагнозу менен бөлүшүүнү чечкени белгиленген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан