Европанын дагы бир өлкөсүндө Орусия менен согушка даяр болууга буйрук берилди

Норвегиянын армиясы Орусия менен мүмкүн болгон чыр-чатакка даярданышы керек. Бул тууралуу Норвегиянын коргоо министри Эйрик Кристофферсен Германиянын RND маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.

Анын пикиринде, Орусия Украинадагы согуштук аракеттер аяктагандан кийин өз аскерлерин модернизациялоого киришет. Мындан улам Норвегия өзүнүн аскердик ресурстарын жана мүмкүнчүлүктөрүн жакшыртууга тийиш.

"Биз бул кырдаалга даярданып, согушка даяр болушубуз керек. Эгерде ушул тапта Норвегияга кол салуу коркунучу жакын болсо, биз Украинага мынчалык көп курал-жарак бере алмак эмеспиз", - деген министр.

Ошол эле учурда ал Орусиянын Аскер-аба күчтөрү менен Аскер-деңиз флоту абдан жакшы абалда экенин белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан