Казакстандын Шымкент шаарында аким Габит Сыздыкбековдун жетекчилиги менен акимчиликте жыйын өтүп жатканда чиновник кармалды. Бул тууралуу Tengrinews басылмасы жазып чыкты.
Ага ылайык, аткаминерди кармап кеткендеги видеону шаар акими "Инстаграм" социалдык баракчасына жарыялады.
Габит Сыздыкбеков жыйындын башында паракорчулук тууралуу кеп кылып, акимчиликте иштегендердин баары эле чынчыл эмес экенин айтып жаткан.
"Акимчиликте иштегендердин арасында чынчыл адамдар көп, бирок паракорчулар да бар. Беш айдан бери силерге айтып келем, таза иштеңиздер",- деген ал.
Бул сөздөн кийин Антикоррупция кызматынын өкүлү залда отургандарын бирине тергөөнүн сурагы бар экенин айткан. Буга аким “Азыр эле дароо алып кеткиле. Канча жолу эскерттим... Кесиптештер, мени туура түшүнүңүздөр, башка аргам жок” деп жооп берген.
Мындан улам жыйын үзгүлтүккө учурап, аталган кызматтын кызматкерлери кирип келип аткаминерди кармап кетти. Кармалган аткаминер Турак жай башкармалыгынын жетекчисинин милдетин аткаруучу экени белгилүү болду.