Бишкекте токтоп турган унаадан 50 миң сом жана буюмдар уурдалган. Шектүү кармалды

Бишкекте уурулукка шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-февралда Биринчи Май РИИБинен билдирди.
Маалыматка ылайык, былтыр 31-декабрда милицияга К.А. аттуу жаран арыз менен кайрылган. Ал белгисиз адамдар Журналная көчөсүндө токтоп турган Nissan Almera үлгүсүндөгү унаасынын ичинен 50 миң сомун, ачкычтардын топтомун жана Редми 9 үлгүсүндөгү 10 миң сомдук телефонун уурдап кетишкенин айткан.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесине (Уурдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.
Шектүү катары 2005-жылы туулган С.Н. аттуу жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.
Учурда тергөө иштери уланууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан