Бишкекте автобустагы контролёрго кол салган адамга 5500 сом айып салынды

Бишкектеги №226 автобустук каттамда иштеп жаткан контролёрго кол салуу болуп, укук бузган жаранга 5500 сом айып салынды. Бул тууралуу Бишкек мэриясы кабарлады.
Автобустагы жарандын картаны мыйзамсыз колдонуп жатканы аныкталган. Картаны конфискациялоо чечими чыккандан кийин жүргүнчү контролёрго кол салууга аракет кылып, иш укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилген.
Укук коргоо органдарынын ыкчам аракеттеринин аркасында мыйзам бузуучу кармалган. Ага карата Свердлов райондук сотунун чечими менен административдик жоопкерчиликке тартылып кылмыш-жаза кодексинин 126-беренесине ылайык 5500 сом айып салынды.
Белгилей кетсек, Бишкек шаарынын муниципалдык коомдук транспортунда жол кире үчүн накталай эмес төлөм системасы иштейт. Жол кире кымбатташы менен контролёрлор жол кире акысын төлөбөгөндөрдү аныктоо иштерин баштады.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан