Ысык-Көлдө аялына зомбулук көрсөтүп келген шектүү кармалды

Ысык-Көлдө үй-бүлөлүк зомбулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 6-февралда Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, милицияга Теплоключенка айылынын тургуну арыз менен кайрылган. Ал өмүрлүк жолдошу спирт ичимдигин ичип алып ага кол көтөргөнүн анын кесепетинен жаракат алганын айткан. Анын айтуусу боюнча бул көрсөтүлгөн зомбулук биринчи жолу эмес.

Аталган факты каттоого алынып, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Экспертизанын жыйынтыгы менен жабырлануучу ден соолугунан жеңил жараат алгандыгы аныкталып, кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары жабырлануучу аялдын өмүрлүк жолдошу 41 жаштагы Теплоключенка айылынын тургуну Ч.У. кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Учурда тергөө амалдары уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан