
Жабырлануучудан шантаж жолу менен акча талап кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматка караганда, IT тармагын өздөштүргөн жаран кыздын ар-намысына шек келтирген маалыматты таратам деп шантаж кылып, ири суммадагы акча каражатын опузалап талап кылган. Ал изин жашыруу үчүн бир нече абоненттик номурларды колдонгон жана акча бир нече эсептер аркылуу иштетилип, андан кийин гана анын колуна тийип турган.
Бул иш боюнча иликтөө Бишкек шаарынын тургуну милицияга үстүбүздөгү жылдын башында WhatsApp аркылуу акча каражатын опузалап жаткан белгисиз адамга карата арыз менен кайрылгандан кийин башталган. Жабырлануучу милицияга кайрылганга чейин эле, шектүү шантаж жолу менен коркутуп 200 миң сом талап кылганы аныкталган.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренесине (Опузалап талап кылуу) ылайык кылмыш иши козголгон.
Кылмышкерди кармоо үчүн январдын ортосунда ага 10 миң сом жөнөтүлгөн. Мындан улам акча бир нече эсеп аркылуу өткөнү жана өткөн жылдын декабрында паспортун жоготкон жарандын маалыматтары колдонулганы аныкталган.
Паспортун жоготкон жаранды суракка алганда акча которууларды билбегендиги жана жүргүзбөгөнү белгилүү болгон.
Иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары Нарын облусунун тургуну 1995-жылы туулган Т.К. кармалган.
Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.