Коңшу Казакстандын жаңы премьер-министри болуп Олжас Бектенов дайындалды. Бул тууралуу "Акорда" сайты кабарлады.
Тиешелүү жарлыкка президент Касым-Жомарт Токаев кол койду.
"Мамлекет башчынын жарлыгы менен Олжас Абайевич Бектенов Казакстандын премьер-министри болуп дайындалды, ал мурда ээлеген кызматынан бошотулду", - деп билдирди Акорданын басма сөз кызматы.
Эске сала кетсек, бүгүн, 6-февралда эртең менен “Аманат” фракциясы Казакстандын премьер-министрлик кызматына Олжас Бектеновдун талапкерлигин сунуштаган. Буга чейин ал президенттик аппараттын жетекчиси болуп иштеген.
Бектеновдун талапкерлигин депутаттар жактырышты.