Стамбул шаарындагы сот имаратынын жанындагы көзөмөл өткөрүү пунктуна куралдуу кол салуу аракети болду. Бул тууралуу Түркиянын жергиликтүү басылмалары жазышты.
Кол салган эки киши, тагыраагы бир аял жана бир эркек өлтүрүлгөн. Түркиянын Ички иштер министрлигинин башчысы Али Эрликая кол салууну теракт аракети деп атады.
"Э.Э. жана П.Б аттуу жарандар жок кылынды, алар террордук уюмдун мүчөлөрү экени аныкталды. Кол салууга аракет кылган террорчулар зыянсыздандырылды. Алты адам, анын ичинде 3 полиция кызматкери жарадар болду", - деген ал.
Бул кол салуу боюнча 40 адам кармалды.