Депутат Матраимов Азербайжандагы президенттик шайлоого эл аралык байкоочу катары катышууда

Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов Азербайжандагы мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоого КМШнын Парламенттер аралык Ассамблеясынан эл аралык байкоочу катары катышууда. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине мүчө өлкөлөрдүн Парламенттер аралык Ассамблеясынын эл аралык байкоочулары бир катар жолугушууларды өткөрүп, шайлоо участкаларында болушту.

Белгилей кетсек, бүгүн Азербайжанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өтүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан