"92 пайыз добуш алган". Азербайжанда президенттик шайлоодо Илхам Алиев алдыда келе жатат

Кечээ, 7-февралда Азербайжанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өттү. Жыйынтыгында өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясынын алдын ала маалыматы боюнча Илхам Алиев 92,1 пайыз добуш алып, жеңишке жетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазууда.

Маалымдалгандай, Алиевди шайлоодогу жеңиши менен Өзбекстан, Беларусь, Түркия, Пакистан, Ирак жана башка өлкөлөрдүн президенттери куттуктап жетишти.

Кезексиз өткөн президенттик шайлоого Алиевден башка дагы алты талапкер ат салышты. Бирок алардын бири да 2,5%дан жогору бал ала алган жок.

"Шайлоо кийинки жылы өтмөк, бирок былтыр Тоолуу Карабах Азербайжандын карамагына өтүп, Алиевдин популярдуулугу өскөн учурда ал добуш берүү мөөнөтүн эртелеткен. Бириккен Улуттар Уюмунун COP29 климаттык саммити быйыл Азербайжанда өткөнү жатканы да ал үчүн ыңгайлуу жагдай деп сыпатталууда", - деп айтылат билдирүүдө.

БШКнын маалыматына караганда, добуш берүүгө шайлоочулардын 76 пайыздан ашыгы катышты. Мындан улам айрым байкоочулар шайлоочулардын активдүүлүгү жогору болгонун белгилешти.

Добуш берүү Тоолуу Карабактын аймагында да өттү. Ал жерден былтыр күздө Бакунун ийгиликтүү аскердик өнөктүгүнөн кийин жүз миңден ашуун армян качып кеткен.

Ал эми чет жактагы Азербайжан жарандары жашаган өлкөлөрдөгү Азербайжан элчиликтерине орнотулган үкөктөрдө добуш бере алышты.

Актау шаарында жашаган Азербайжан жарандары (Казахстан)Актау шаарында жашаган Азербайжан жарандары (Казахстан)

Шайлоого түрдүү эл аралык уюмдардан жана 800гө жакын чет элдик менен 90 миңдей жергиликтүү байкоочулар көз салды. Ошондой эле жергиликтүү басма сөз кызматтарынан тышкары 200гө жакын чет өлкөлүк журналист иш алып барды.

Эске салсак, Илхам Алиев өлкөнү 2003-жылы атасы Гейдар Алиевдин көзү өтүп, бийлик анын колуна өткөндөн бери башкарып келе жатат. Азыр Азербайжанда президент жети жылга шайланат, ал мөөнөтү бүткөндөн кийин деле шайлоого каалашынча катыша алат. Алиев ушуну менен бешинчи жолу президенттик шайлоого катышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан