Казакстанда кишинин белинен келген карды жиреп бейтаптарга бара жаткан дарыгерлердин видеосу 

Казакстанда "Тез жардам" кызматынын кызматкерлери катаал аба ырайында бейтаптарга жетүү кыйынчылыгын видеого тартып алышкан. Бул тууралуу Tengrinews.kz басылмасы жазды.

Видеодон бороон болуп жатканын жана белден келген карды дарыгерлер тизелеп, жиреп бара жатканын көрүүгө болот. Аталган сайттын кабарчысы видеону тартып алган Хромтау шаардык медициналык Тез жардам станциясынын бригадасынын улук фельдшери Сая Рысбай менен байланышкан.

Анда Сая Рысбай Тез жардам кызматынын диспетчерлери бейтапка эмне үчүн көп убакытта барышканын түшүндүрүү үчүн видеону тартып алганын айткан.

"Чалуу жүрөгү ооруп жаткан бейтаптан түшкөн. Унаа менен жолдун жарымына гана жете алдык. Ал эми калган 2-3 чакырымды басып өтүүгө туура келди, анткени жолду кар басып калыптыр. Бактыга жараша, кыйынчылык анча деле олуттуу болгон жок. Жеринде консультация берип, кардиограмма тарттык. Ооруканага жаткыруу боюнча эч кандай көрсөткүчтөр болгон жок", - деген ал.

Казакстанда катаал аба ырайында бейтаптарга бара жаткан дарыгерлердин видеосу
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан