
Бүгүн, 9-февралда маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри
Алтынбек Максутов уникалдуу колоратуралык сопрано ырчысы, көп жанрлуу жана полиглот аткаруучу, жаш композитор
Нур Чолпонго “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгисин тапшырды. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.
Министр, Нур Чолпондун маданият жаатында жасап жаткан эмгектерине, жараткан жетишкендиктерине кабардар экенин белгилеп, келечекте мындан да чоң ийгиликтерди багындырарына ишенимин билдирди.
Жакында Нур Чолпон Японияда “Otogi Koubou"компаниясы менен келишимдин негизинде эки жыл билим алып музыкалык тажрыйбасын арттырып келди.
Жаш талант композиторлор союзунун мүчөсү. Жаштардын "АйТентек" операсынын автору, "Эрмен жыты" тасмасынын композитору. Көптөгөн вокалдык жана хордук чыгармалардын автору катары белгилүү.
Маалымат үчүн: Нур Чолпон чыгармачылык чөйрөгө кичине чагынан эле аралашып келет. 5 жыл балдар музыкалык мектебинде скрипка жана гитара адистиги аны менен катар 8 жыл Ош шаарындагы Гапар Айтиев атындагы көркөм сүрөт окуу жайында билим алган. М.Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык окуу жайынын Академиялык вокал жана Музыка теориясы боюнча адистиктерин артыкчылык дипломдору менен аяктаган. К.Молдобасанов атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын Композиция факультетин артыкчылык диплому менен бүтүргөн.