Өткөн аптада Дагестанда Абдулманап Нурмагомедовдун залында машыккан жергиликтүү 21 жаштагы ММА мушкери Магомедрасул Мутаев өлтүрүлгөн.
Мушкерди өзү жашаган райондогу турак жайлардын биринен атып кетишкен. Белгилүү болгондой, бул мушкерди өлтүрүү боюнча биринчи аракет эмес, буга чейин дагы аракет болуп ал ишке ашпай калган.
Мушкердин өлүмүнө аны менен бир залда чогуу машыккан 18 жаштагы Надырхан Кадырханов айыпталууда.
Өз кезегинде дагестандык телеграм каналдар Магомедрасул Мутаев спорт залдагы башка мушкерлерден күчтүүрөөк экенинен пайдаланып, залдагыларды шылдыңдап, уруп-сабап, буюмдарын тартып алып жүргөнүн жазды. Анын кордугуна чыдабаган Надырхан Кадырханов дал ушул кадамга барганы айтылды.