Презентациясы боло элек Toyota Camry 80 унаасын Казакстандан байкашты (фото)

Кыргызстанда дагы популярдуу седан унааларынын бири болгон Toyota Camry унаасынын жаңы үлгүсү коңшу Казакстандын Алматы шаарына жеткирилди. Мындай маалымат социалдык тармактарга тарады.

Шоколад түстөгү жаңы унааны аэропортто учактан түшүрүп жатканда байкашкан. Унааны ким буюрутма кылганы белгисиз, унаа презентация үчүн дагы алынып келиши мүмкүн.

Мотор жабдыктарына келсек, Toyota Camry 80дин үлгүлөрү тууралуу так маалымат жок. Бирок Кытай рыногунда бул унаа 2,4 литр жана 2,4 литр гибрид версияларында сатылат.

Белгилей кетсек, Toyota Camry 70 жана Toyota Camry 75 Кыргызстандагы эң популярдуу унаалардын бири. Кыргызстандын унаа рыногунда дагы бул үлгүдөгү унаалар өтүмдүү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан