"Элит Хаус" курулуш компаниясынын негиздөөчүсү Тимур Файзиев апрелге чейин абакта калтырылды. Бул тууралуу маалыматты SUPER.KG порталына Бишкек шаардык сотунан ырастады.Эскерте кетсек, Файзиевге Кылмыш-жаза кодексинин "Кылмыштуу кирешелерди легализациялоо (адалдоо)" беренеси боюнча кылмыш иши козголгон. Ал былтыр 10-октябрда кармалып, тергөө абагына киргизилген.