
Бокс боюнча улуттук курама командасынын мүчөсү
Анваржан Ходжиев София шаарында (Болгария) өткөн "Странджа Кубогу-2024" Эл аралык мелдешинин чемпиону аталды. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, спортчу 48 килограммга чейинки салмакта катышкан. Алгач 1/4 финалдык беттеште украиналык Денис Биленкону утса, жарым финалда Сахил Аллахвердовду жеңген.
"Алтын медаль үчүн беттеште индиялык мушкер Шагольшем Барун Сингхдини жеңип Эл аралык мелдештин алтын медалына ээ болду", - деп айтылат маалыматта.
Белгилей кетсек, курама команда "Странджа Кубогу-2024" Эл аралык мелдешине машыктыруучу Темирлан Осмоновдун жетекчилиги алдында катышты.