Бразилиянын олимпиадалык курама командасы Париждеги Олимпиада оюндарына тандоо турунун үчүнчү айлампасында Аргентина курамасына утулуп калды.
Беттеш 1:0 эсебинде аргентиналыктардын жеңиши менен аяктады. Беттештеги чечүүчү голду Лучано Гунду киргизди.
Ошентип Бразилия курама командасы өз тайпасында үчүнчү орунда ээлеп, Олимпиада оюндарына жолдомо алуу мүмкүнчүлүгүнөн ажырады. Команда үч оюнда үч упайга ээ болду.
Аргентина курама командасы өз кезегинде тайпада биринчи орунду ээлеп, 2024-жылкы Олимпиада оюндарына катышууга жолдомо алды.
Эске сала кетсек, Парижде жайкы Олимпиада оюндары 26-июлдан 11-августка чейин өтөт.