"Жашоомдогу эң чоң сыймык". Финляндиядагы президенттик шайлоодо Александр Стубб жеңди

Кечээ, 11-февралда Финляндия мамлекетинде президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өттү. Анын жыйынтыгында "Улуттук биримдик" партиясы көрсөткөн талапкер, консерватор Александер Стубб 51,6 пайыз добуш алып, жеңишке жетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, Александер Стубб Финляндиянын 13-президенти болуп саналат. Анын кызматка расмий киришүү салтанаты 1-мартта болуп, учурдагы мамлекет башчысы Саули Ниинистё ордун өткөрүп берет.

Кечээ өткөн шайлоонун жыйынтыгында Александер Стубб 51,6 пайыз добуш алган. Ал эми анын атаандашы Пекка Хаавистого шайлоочулардын 48,4 пайыз добуш берген.

Александр Стубб добуш берүүдө аны колдогон жарандардын бардыгына ыраазычылык билдирди.

"Бул менин жашоомдогу эң чоң сыймык. Мен Финляндия жакынкы жылдары дүйнөдөгү эң мыкты өлкө болуп кала берерине бекем ишенем. Жаңы доор ачылып жатат", - деди Александр Стубб.

Эске салсак, Финляндияда президенттик шайлоо 28-январда өткөн. Анда "Улуттук биримдик" партиясынын талапкери Александер Стубб 27,2 пайыз добуш алса, "Жашыл бирикме" партиясынын талапкери Пекка Хаависто 25,8 пайыз добуш менен экинчи турга өтүшкөн.

Финляндиянын башмыйзамына ылайык, президент 6 жылдан эки мөөнөткө шайлана алат.

Маалымат үчүн: Александер Стубб 1968-жылы туулган. Мамлекеттик кызматтагы жолу 1995-жылы Финляндиянын тышкы иштер министрине кеңешчи болуудан башталса, саясаттагы жолу 2004-жылы Европа парламентине депутат болуп шайлануу менен башталган.

Президент болуп келгенге чейин Финляндияда тышкы иштер министри, премьер-министр, финансы министри кызматтарын аркалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан