Эртең, 19-декабрда Кыргыз мамлекеттик тарых музейинде көрүнүктүү маданият ишмери жана драматург Шеримбек Шаршеевдин 65 жылдыгына карата эскерүү кечеси өтөт. Бул тууралуу бүгүн, 18-декабрда Маданият министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, бул кечеде “Алиман апанын жомоктору” аттуу пьесалар жыйнагынын бет ачары болот. Андан тышкары Шаршеевдин “Жанар куш” пьесасына коюлган телепостановка көрсөтүлөт.
Белгилей кетсек, Шеримбек Шаршеев (1948-1998) Москвадагы Луначарский атындагы театралдык окуу жайды бүтүргөн. Кесип жолун актёрлуктан баштаган ал маданият чөйрөсүндө 27 жыл эмгектенген. Өз убагында Ысык-Көл драма театрынын, Фрунзе мамлекеттик циркинин, театр ишмерлердин Союз фондунун, Абдумомунов атындагы Кыргыз драма театрынын директору, 1990-жылдардан тарта КРнын Маданият министринин биринчи орун басары, “Манас” эпосун жайылтуу боюнча Мамлекеттик дирекциянын уюштуруучусу жана башкы директору болуп иштеген.