Коңшу Казакстандын Акмола облусундагы талаада бороондон жана ачкачылыктан улам жүздөн ашык жылкы өлдү. Бул тууралууу Акмола облусунун ветеринария башкармалыгынын башчысы Талгат Жунусов билдиргенин казакстандык басылмалар жазышты.
"Жылкылар өлүп жатат. Абал абдан оор. Жардам жок. Бул бардык жылкычылардын азабы. Азыр эми калган жылкыларды дагы жоготуп албоо үчүн жакынкы айылдарга таратып жатабыз", - деген ал.
Ошондой эле ал жылкылар ачкадан улам ордунан тура албай жатканын кошумчалаган.