14-февраль сүйүү күнүнөн башка дагы бир белгилүү дата экенин билчү белеңиз?

Эртең, 14-февраль белекке китеп берүүнүн эл аралык күнү. Бул күнү китеп сүйүүчүлөр бири-бирине китеп белек кылышат. Ал эми бул майрам качан жана кантип белгиленип калган?

Бул күндүн идеясы мектеп китепканачысы, блогер, балдар китептери сайтынын негиздөөчүсү, үч баланын энеси, америкалык Эмми Бродмурга таандык. Тагыраак айтканда анын кичинекей уулу апасынан «Эмне үчүн адамдар бири-бирине китеп берген өзгөчө күн жок?» - деп сураган. Мындан улам 2012-жылдын дал ушул күнү апасы уулунун кыялын орундатуу үчүн социалдык тармактагы досторун бул өнөктүккө катышууга чакырык таштаган кайрылуу жарыялаган.

"Азыр адамдар бири-бирине китептерди жөн эле белек кылбастын, алар өздөрүнун окуяларын, сүрөттөрүн Твиттер, Фейсбук жана Эл аралык китеп берүү күнүнүн веб-сайттына бөлүшөт. Бул долбоор бардык адамды шыктандырат", - деп жазган Эмми Бродмур өзүнүн социалдык баракчасына.

Ошол күндөн тартып китеп сүйүүчүлөр бул күндү китеп белекке берүү күнү деп белгилеп келишет.

Ошондой эле 14-февраль Ыйык Валентин күнү катары дагы белгиленет. Бул күнү сүйүктүүсүн куттуктап, белек берип белгилегендер дагы бар. Ал эми бул майрамдын жаралуу тарыхы уламыштарга караганда 269-жылга барып такалат экен. Император Клавдийдин тушунда Валентин аттуу дин адамы жашаган. Император аскерлер канчалык бай жашашса, ошончолук алардын жоокерчилик өнөрү артат деп ойлогон. Валентин болсо махабат отуна чалдыккан жоокерлерди жашыруун үйлөндүрүп, императордун амирине каршы иш кылып келген. Бирок «Кыңыр иш кырк жылда» дегендей Валентиндин иши императорго билинип, Клавдий анын башын алууга буйрук берген. Ошентип христиандар Валентинди ыйыктардын катарына кошушкан. Убакыт өтө Ыйык Валентин күнү бүткүл ашыктардын күнүнө айланган.

Кош майрамга туура келген бул күндө сиз кайсыл майрамды белгилейсиз?

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан