Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов ар кандай тармактагы министрлерди жана чиновниктерди массалык түрдө кызматтан алды. "Түркмөнстан сегодня" мамлекеттик маалымат агенттиги жазгандай, мамлекет башчы кадрдык өзгөрүүлөрдү 9-февралда өкмөттүн кеңейтилген жыйынында жасаган.
Тактап айтканда, Бердымухамедов төрт министрди кызматтан алып, ордуларына башкаларды дайындады.
Министрлер “башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу” деген жүйө менен кызматынан бошотулушту. Алар жумушун так кайда улантаары айтылган эмес.
Ошондой эле өлкөнүн сегиз хякими (облус башчылары) кызматынан бошотулду. Алардын ордуна жаңылары дайындалды. Көпчүлүгү "өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди аткара албаганы үчүн" кызматтан алынганы белгиленген.