Түркиянын чыгышындагы Эрзинжан провинциясындагы алтын кенинде жер көчкү жүрдү. 9 жумушчу урандылардын астында калганын провинциянын губернатору
Хамза Айдогду NTV телеканалына билдирди.
Анын айтымында, Илич районунда ири көлөмдө жер көчүп, шахтаны уратып кеткен.
Өлкөнүн ички иштер министринин айтымында, 9 жумушчу дайынсыз болууда. Издөө-куткаруу иштерине жалпысынан 400дөй жаран тартылган.
Маалыматка караганда жалпысынан кенде 667 адам иштейт. Кен 2010-жылы ишке киргизилген.
Эске салсак, 2023-жылдын октябрь айында Анкарада көмүр шахтасы урап, 15 шахтёр жаракат алганы маалымдалган.