Мыкты иш-чарага катышуу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбаңыз!

Ушул жылы 24-февралда Бишкекте интернет дүкөндөрү боюнча мыкты эксперттердин конференциясы өтөт. Анда сиздер онлайн соода дүкөндөрү (маркетплейс) боюнча көргөзмөгө жана MPSellers клубунун өлкөдөгү филиалынын ачылышына күбө болосуздар.

MPSellers - бул онлайн соодада жеткирүүчүлөрдүн эл аралык бизнес клубу. Ошондуктан бул клуб сатуучулар үчүн эң жакшы жер!

Жыйын Бишкектеги Киев №148 көчөсүндө жайгашкан "Sheraton" отелинде өтөт. Ага Озон жана Wildberries боюнча мыкты баяндамачылар жана эксперттер келет:

Кристина Спирева - Wildberries интернет дүкөнүн өнүктүрүү боюнча директору. Ал жыйында “Биз - Wildberries. Компаниянын 2024-жылга карата өнүгүү пландары" темасында сүйлөйт.

Игорь Шанченко - атаандаштарды электрондук таблицалар жана аналитика менен кантип жеңсе болорун айтып берет.

Эльвира Воробьева - "Өндүрүүчүлөр жана жеткирүүчүлөр менен эффективдүү иштөө" деген темада сүйлөйт.

Иван Городилов - Блогерлер менен иштөө учурлары. Мисалдар, статистика, наркы жөнүндө баяндамакчы.

Тимур Ширинов - "Команда өсүү чекити катары" деген теманы алып чыгат.

Сергей Костюхин - "ТОП-10 сатуучулардын каржылык катасы" жөнүндө айтат.

Эльмаддин Невталиев - "Кантип издөө натыйжаларынын башына чыгуу керек" темасында сүйлөйт.

Конференцияда тажрыйба алмашуу, жаңы таанышуулар жана бизнесиңиз үчүн мүмкүнчүлүктөрдөн тышкары катышуучуларга фуршет уюштурулган. Ошол учурда эксперттер менен баарлашуу үчүн уникалдуу мүмкүнчүлүк болот.

Орундардын саны чектелген! 19-февралга чейин 20% арзандатуу менен билет сатып алууга шашылыңыз! Көргөзмөгө катышууга же конференцияга билеттерди сатып алуу боюнча суроолор болсо төмөнкү номурга кайрылыңыз: +996 (777) 041-141 (WhatsApp) Билеттер https://ticket.kg/ сайтында сатылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан