Күрөш боюнча Европа чемпиондугунда жагымсыз окуя болду

Бухарестте өтүп жаткан күрөш боюнча Европа чемпиондугунун сыйлык тапшыруу аземинде украиналык балбан орусиялык балбан менен пьедестальда чогуу сүрөткө түшүүдөн баш тартты.

Украиналык Александр Грушин 63 килограммга чейинки салмак ченинде күмүш байгеге ээ болду. Ушул эле салмакта орусиялык Анвар Аллахьяров коло байге утту. Сыйлык тапшыруу аземинде Грушин бардык жеңүүчүлөр менен бирге сүрөткө түшүүдөн баш тартты.

Өз кезегинде Украинанын күрөш федерациясы украиналык спортчулардын жарандык позициясы менен сыймыктана турганын билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан