Коңшу Казакстандагы популярдуу жарнактар кызматы 14-февраль сүйүү күнүнөн баштап гүлдөрдү сатуу боюнча жарнактар менен толду. Бул тууралуу Казакстандын жергиликтүү басылмалары жазышты.
14-февраль күнү кечтен баштап жарнактар кызматына гүлдестелер толгон. Айрымдары кымбат гүлдөрдү жүктөп, "Тезинен сатылат" деп дагы жазышкан.
Жарнамалардын арасынан 101 розадан турган популярдуу букетти да тапса болот. Астаналык кыз 101 розаны болгону 10 миң теңгеге сатыкка койгон.
Кээ бир кыздар гүлдү жаңы эле алганын, базар баасынан бир топ эле арзан сатарын дагы жазышкан.