Бүгүн, 19-декабрда КРнын Президентине караштуу мамлекеттик башкаруу Академиясынын чоң жыйындар залында аталган окуу жайдын студенттеринин жана магистранттарынын арасында “Таланттар таймашы” аттуу сынактын жыйынтыктоочу экинчи туру болот. Бул тууралуу уюштуруучулар кабарлашты.
Эскерте кетсек, бул конкурстун максаты - студенттерди активдүү жашоого үндөө жана жаш таланттарга ар тараптуу колдоо көрсөтүү. Сынактын баш байгеси - планшет. Ошондой эле алдынкы 3 орунду ээлегендерге Ысык-Көлгө жолдомо берилмекчи.