Орусияда жаңы төрөлгөн ымыркайга Владимир-Путин деген ысым ыйгарылды

Орусиянын Нижневартовск шаарында жаңы төрөлгөн ымыркайга Владимир-Путин деген ысым ыйгарылды. Бул тууралуу орусиялык телеграм каналдар жазышты.

Маалыматка ылайык, Владимир-Путин Гошгарович 2024-жылы 9-февралда жарык дүйнөгө келди. Ата-энеси уул күтүп жатканын билгенден кийин ага ушундай ысым ыйгарууну чечишкен. Ымыркайдын атасы президент Владимир Путин өлкө үчүн көп иштерди жасап жатканын белгилеп, уулуна ушундай ысым ыйгарганын айткан.

Владимир-Путин 4 килограмм 100 грамм салмакта, бою 56 сантиметр болуп төрөлгөн. Үй-бүлөсү аны Путин деп аташат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан