ЭЛДИК КАБАР: "Бишкекте аба ырайына байланыштуу таксинин баасы кымбаттады"

Бүгүн, 16-февралда Бишкекте болуп жаткан бороондуу карга байланыштуу таксинин баасы кымбаттады.

Кечке жуук Бишкекте таксинин баасы болжол менен 100, 150 сомго кымбаттады. Ошондо дагы жүргүнчүлөр такси келбей жатканын айтышууда.

"Мен Политехтен Ак-Өргөгө адатта 200-250 сом менен барчумун. Учурда такси кызматы ошол эле жерге 400 сом болорун көрсөттү. Бул сууктан анан жолдун тайгактыгынан улам болуп жатат окшойт", - деди такси кызматын күтүп жаткан жүргүнчү.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан