Абакта жаткан орусиялык оппозициячыл Алексей Навальный каза болду

Бүгүн, 16-февралда орусиялык саясатчы Алексей Навальный Ямало-Ненец автономиялуу округундагы №3 түзөтүү колониясында каза болду. Бул тууралуу BAZA телеграм каналы жазды.

Маалыматка ылайык, ал сейилдөөдөн келгенден кийин өзүн жаман сезип, андан кийин эс-учун жоготуп жыгылган. Дарыгерлер анын өмүрүн сактап калууга аракет кылышкан, бирок Навальный жергиликтүү убакыт боюнча саат 14:17де каза болгон.

Учурда окуянын бардык жагдайлары иликтенип жатат. Орусиянын президенти Владимир Путинге Навальныйдын өлүмү тууралуу маалымат жеткирилгенин Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди.

Маалымат үчүн:

Белгилей кетсек, орусиялык оппозициячыл Алексей Навальный 2021-жылдын 17-январында Берлин шаарынан Москвадагы "Шереметьево" аэропортуна учуп келери менен кармалган. Андан соң анын камалышын сот мыйзамдуу деп тапкан. Көп өтпөй Алексей Навальныйга карата сот 3 жарым жылга кесүү чечимин чыгарган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан